Биз социалдык тармакта

Аксыдагы сел ташкынынан каза болгондордун аты-жөнү, жашы такталды

12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен. Анын алтоосу табылып, 3 жашар наристе менен 5 жашар бала дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан сел ташкынынын курмандыгы болгондордун жана дайынсыз болуп жаткан балдардын аты-жөнүн жарыялады. Алар:

1958-жылы туулган Б.Ж.К.;

1981-жылы туулган Ш.Б.Т.;

2009-жылы туулган Ш.А.А.;

2014-жылы туулган Ш.А.А.;

2005-жылы туулган Т.П.Н.;

2009-жылы туулган О.Н.О.;

Ал эми 2018-жылы туулган Т.Ф.Н. жана 2016-жылы туулган К.А. дайынсыз болууда.

Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.

Бүгүн, 13-июлда ӨКМнын маалымат кызматынан жалпы 8 адамды сел агызып кеткенин, анын ичинен 6 адам табылганын билдиришти.
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы селдин кесепетин кыска убакыт аралыгында жоюу боюнча тапшырма берип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Аксыда сел 8 адамды агызып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alym21
2021-07-13 11:59:42
Жакындарына сабр.Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+3
nurka_85
2021-07-13 12:38:51
Жаш балдар го кудай ай.
+2
Beka1986
2021-07-13 21:18:02
Автор Г.А,оператор Р.А,президент С.Ж,А району,ЖЖ жана А айылында с ж
-1
aslan_akjol89
2021-07-14 01:31:02
Beka1986,Аттары керекпи сага?Булар кылмышкерлер эмес го сен корккудай.Кылмышкерлердин атын кыскартса анан наалычы бай болгур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан