Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде эркек киши кызды чаап жиберген видео. Октябрь РИИБи окуянын чоо-жайын айтты

Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде эркек киши кызды чаап жиберген видео тараган эле. Окуянын чоо-жайын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы айтты.

"12-июль күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын Д.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Анда 12-июль күнү саат 13:00 чамасында Аалы Токомбаев көчөсүндөгү соода түйүндөрдүн биринде белгисиз жаран аны чаап жана оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан