UFC'нин эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Дастин Порьенин жубайынан кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга чейин ирландиялык мушкер Порьенин жубайын ишенимсиздикке айыптап, аны жана Порьени түшүндө өлтүрөм деп убада кылган.
"Салам достор, менин кайрымдуулук ишиме байланыштуу кандайдыр бир терс көрүнүштөрдүн болушун каалабайм. Ошондуктан ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп, Дастиндин жубайынан кечирим сурагым келет. Ал мени менен Инстаграмдагы жеке билдирүүлөр аркылуу байланышууга аракет кылды", - деп Конор Твиттерге жазып, кайра билдирүүлөрүн өчүрүп салган.