Чүй облусунун Сокулук районунда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Сокулук РИИБине райондогу айылдардын биринде эркек киши бычактан жаракат алганы боюнча маалымат келип түшкөн.
Жерине барган ыкчам иликтөө тобу 1989-жылы туулган К.Д. аттуу жарандын бычактан алган жаракатынын негизинде каза болуп калганын көрүшкөн. Бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алышкан.
Териштирүү иштеринин натыйжасында, шектүү катары анын 1979-жылы туулган аялы кармалган. Ал окуя ортодогу пикир келишпестиктен улам келип чыкканын айткан. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү иштер башталганы жазылат маалыматта.