"Евро-2020" турниринин мыкты оюнчусу эртең "ПСЖ" клубу менен келишим түзөт

"Евро-2020" турниринин мыкты оюнчусу Жанлуижи Доннарумма жакында "ПСЖ'нын" оюнчусу болот. Бул тууралуу чет элдик спорт маалымат булактары жазып чыгышты.

"22 жаштагы дарбазачы эртең Парижге учуп барып, француз клубу менен келишим түзөт. Ошондой эле машыктыруучулар штабы жана жаңы командалаштары менен жолугушат. Италия курама командасынын дарбазачысы бир күн Парижде болуп, андан кийин бир нече күн эс алат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Доннарумма "Милан" клубунан эркин агент катары кеткен.

Буга чейин Италия курама командасынын дарбазачысы Жанлуижи Доннарумма "Евро-2020" турниринин мыкты оюнчусу болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-07-13 15:41:37
Шейхтерде акча коп,любой оюнчуну сатып алса болот,бирок 10 жылдан бери ЛЧ ду ала албай убара
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан