Конор Макгрегордун ден соолугу калыбына келиши үчүн болжол менен 2 жылдай убакыт керектиги айтылды

Спорт дарыгери Лю Хуншэнь UFC'нин мурдагы эки салмактагы чемпиону Конор Макгрегордун жаракаты тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Дастин Порье менен болгон кармашта бутун сындырып, техникалык нокаут менен утулуп калган.

"Мындай жаракат Конордун карьерасын улантууга тоскоол болбойт, бардыгы калыбына келүү мезгилине гана байланыштуу. Биринчиден, операциядан кийин сөөктөрү айыгып кетиши керек. Андан кийин бир аз убакыттан соң темир бураманы алып салуу керек болот. Бул мезгилде формасын жоготуп алуусу мүмкүн, андыктан жакшы калыбына келтирүү процесси менен алек болуу керек.

Мындай операциядан кийин адатта калыбына келтирүү жана сөөктү жакшы айыктыруу үчүн үч ай жетиштүү. Бирок андан кийин калыбына келүү үчүн дагы 1 жарым, 2 жыл талап кылынат", - деди Лю.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан