УЕФА уюму футбол боюнча Европа чемпиондугунун символикалуу командасын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Символикалуу команданын курамына чемпион аталган Италиянын беш оюнчусу кирди. Финалга чыккан Англиядан үч оюнчу кирген. Ошол эле учурда курамга турнирдин мыкты бомбардири аталган португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду кирбей калды.
"Евро-2020" турниринин символикалуу командасы: Дарбазачы: Жанлуижи Доннарумма (Италия);
Коргоочулар: Кайл Уолкер (Англия), Леонардо Бонуччи (Италия), Гарри Магуайр (Англия), Леонардо Спинаццола (Италия);
Жарым коргоочулар: Пьер-Эмиль Хёйбьерг (Дания), Жоржиньо (Италия), Педри (Испания);
Чабуулчулар: Федерико Кьеза (Италия), Ромелу Лукаку (Бельгия), Рахим Стерлинг (Англия).