Дүйнө жүзүндө 2020-жылы акыркы 15 жыл ичинде ачкачылык максималдуу өскөнү байкалды

Дүйнө жүзүндө 2020-жылы акыркы 15 жыл ичинде ачкачылык максималдуу өскөнү байкалды. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунуна таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматта караганда, 2005-жылдан бери ачкачылык деңгээли өскөнүнө пандемия олуттуу таасир тийгизген.

"Ачкачылыктын деңгээли жогорулаганынын эң негизги себептери - климаттын өзгөрүшү, саясий конфликттер жана экономикалык кризис. Пандемия жогоруда аталган факторлорго дагы кошумча кыйынчылыктарды жараткан.

2020-жылы тамак-ашка жетпеген адамдардын саны 800 миллионду түзгөн. Алардын арасында 320 миллиондон көбү Азияда жайгашкан.

Мындан сырткары март айында Бириккен улуттар уюму 20 өлкө тамак-ашка өтө муктаждыгы бар экени билдирген. Алардын эң көбү Африкада", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан