Аксыда селден каза болгон 6 адам акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Аксы районунун Ак-Жол айылында селден каза болгон 6 адам акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Мунарбек Базаркул уулу SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ селден көз жумган бир үй-бүлө мүчөлөрү, тагыраагы улгайган аял кызы жана 4 небереси менен жерге берилди. Негизи саат 16:00дө жаназа окулат деп айтылган. Бирок нөшөрлөгөн жаан токтобой 1 сааттан ашуун убакыт күтүүгө туура келди. Акыры жаназа окуй берели деп молдолор чечишип, жаназа окулуп бүткөн соң жамгыр тып токтоп калды. Бир үйдөн эле алты адамды бир учурда жоготуу өтө оор, эч кимдин башына салбасын", - дейт Базаркул уулу.

Кечээ, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп 9 адамдын каза болгондугун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун айтып берген. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел 7 адамды агызып кеткенин, 6 адамдын сөөгү табылганын маалымдаган.

Аксыда сел 8 адамды агызып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2021-07-13 22:28:39
Жаткан жерлери жайлуу болсун,жайлары бейиштен болсун,ото аянычтуу окуя(((((((((
+5
Malin
2021-07-13 23:31:57
Аллах сабыр берсин. Аллах бейиштен орун берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан