АКШнын Калифорния штатындагы "Өлүм өрөөнү" деп айтылган жерде адамзат тарыхындагы эң ысык температура катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта абанын температурасы +54 градуска чейин жеткен. Өз кезегинде, АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы аталган аймактын көпчүлүк аймактарында күндүн ысышы айрыкча жаш балдарга жана кары-картаңдарга зыян келтириши мүмкүн экендигин эскерткен.
Буга чейинки рекорд ушул эле аймакта 2013-жылы катталган. Анда абанын температурасы +54 градуска чейин көтөрүлгөн.
Айрым булактар 1913-жылы ушул эле аймакта абанын температурасы +56,6 градуска чейин көтөрүлгөндүгүн жазышкан. Бирок бул азыркы убакытка чейин талаш болуп келет. Окмуштуулар анда абанын температурасын өлчөөдө ката кеткендигин билдиришкен. Тактап айтканда, тарыхчы Кристофер Берт 2016-жылы Калифорниядагы 1913-жылдагы абанын температурасы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелбей тургандыгын айткан.