Аксыда сел жүргөн айылдарга Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев барды

Аксы районунун селден жабыркаган айылдарына Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев барды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, тез аранын ичинде селден жабыркаган турак-үй жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери күчөтүлөрүн айткан.
Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. Бүгүн, 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.
Эске салсак, кечээ, 12-июлда кечки саат 19:30дар чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айылдарында сел жүрүп, эки айылдан биригип 8 адам көз жумган. Алсак Ак-Жол айыл аймагынан бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир баланы сел алып кетсе, Жаңы-Жол айыл аймагында көчөдө ойноп жүргөн 6 жаштагы баланы сел агызып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан