"200 миң долларга билет сатып алып...". Украинанын Днепр шаарынын мэри космоско учат

Украинанын Днепр (мурунку Днепропетровск) шаарынын мэри Борис Филатов британиялык миллиардер Ричард Брэнсондун Virgin Galactic кемесинде космоско учууну пландаштырууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал 15-июлда Брэнсон менен учуунун чоо-жайын талкуулай тургандыгын жарыялаган.

2009-жылы Филатов суборбиталдык рейске 200 миң долларга билет сатып алып, 2013-жылы НАСАнын окуу борборунда негизги космонавттык курстан өткөнү белгиленген. Учуу ийгиликтүү болгон учурда ал Украинада биринчи космостук турист болот.

Филатов учууга даярдануу үчүн машыгуу костюму жана НАСАда курсту аяктагандыгы жөнүндө күбөлүгү бар экендигин кошумчалаган.

Буга чейин британиялык миллиардер Ричард Брэнсон 11-июлда адамзат тарыхында өзүнүн космос кемесинде космоско учкан биринчи миллиардер болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан