Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 4-июль күнү Бишкек ШИИББинин 102 кызматына болжол менен саат 22:47 чамасында Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2001-жылы туулган П.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран анын Редми Нот-6 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун ачык түрдө тартып алганын айткан.
Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматынан өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.