Ички иштер министрлиги Орусиянын аймагында тирешүүлөргө жана чыр-чатактарга чакырган билдирүүлөрдү тараткан адамдарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактардагы, интернеттеги жана мессенжерлердеги ар кандай маалыматтарды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, Орусиянын аймагында тирешүүлөргө жана чыр-чатактарга чакырган билдирүүлөрдү тараткан адамдарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда министрлик мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын жана Орусиянын аймагына кайрадан кирүүгө уруксат берилбей тургандыгын Кыргыз жарандарына түшүндүрүшүүдө.
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.