Футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалында пенальтилер сериясында Италияга утулуп калган Англия курамасынын пенальти тебүү тартиби аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, Англиядан пенальтини алгач Гарри Кейн менен менен коргоочу Гарри Магуайр аткарышкан. Андан кийин Маркус Рэшфорд топту дарбаза мамысына тепсе, Санчо менен Сака пенальтини аткара албай калган.
Эгерде Сака пенальтини аткарганда анда жарым коргоочу Жек Грилиш, дарбазачы Жордан Пикфорд жана жарым коргоочу Калвин Филлипс пенальти тебишмек. Ал эми чабуулчу Рахим Стерлинг эң акыркы пенальтини аткармак.
12-июлга караган күнү түнү өткөн финалдык беттеште Италия Англияны пенальтилер сериясында утуп, тарыхында экинчи ирет Европа чемпиону аталды.