"Талибан" кыймылы түркиялык аскерлердин Ооганстанда болушу жөнүндө расмий билдирүү таратты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
"АКШнын өтүнүчү жана чечими боюнча Түркия биздин өлкөгө каршы агрессияны уланта бериши бизде жек көрүүчүлүктү жана кастыкты жаратып, эки тараптуу мамилелерге зыян келтирет. Түркиянын жетекчилигинин чечими биздин эгемендүүлүгүбүздү жана аймактык бүтүндүгүбүздү одоно бузуу болуп саналат жана биздин улуттук кызыкчылыктарга каршы келет. Биз түрк чиновниктерин эки мамлекетке тең зыян келтирген чечимин жокко чыгарууга чакырабыз. Кандайдыр бир шылтоо менен чет элдик аскерлердин Ооганстанда болушун биз басып алуу деп эсептейбиз. Ошондуктан, биз баскынчыларга каршы күрөшүүгө даярбыз", - деп билдирүү жасаган "Талибан" кыймылы.
"Талибандын" өкүлдөрү ошондой эле Түркия өз чечимин жокко чыгарбаса, бардык жоопкерчилик башкалардын ишине кийлигишип, ойлонбогон чечимдерди кабыл алгандарга жүктөлөрүн билдирген.
Июнь айында кыймылдын өкүлдөрү Түркия АКШ менен "Талибандын" ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек экендигин билдиришкен. Өз кезегинде Түркия Кабулдагы эл аралык аэропортто көзөмөл жана коопсуздук үчүн өз аскерлерин таштап кетерин жарыялаган.