Түптө 20 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 20 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп районунун Кутургу айылында жайгашкан "Дружба" пансионатында 2001-жылы туулган жигит чөгүп кеткен.

Жерине Түп району боюнча куткаруу кызматынан 2 офицер, Каракол шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана 3 суучул тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Саат 21:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 14-июль күнү издөө иштери улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан