Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 24-июнь күнү Тар дарыясына Портер үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Ошондон бери унаадагы дайынсыз болуп изделип жаткан 4 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин унаадагы 5 адамдын ичинен 2 адам куткарылып, 2 адамдын жансыз денелери суудан табылганы кабарланган.
Кечээ, 13-июль күнү Кара-Таш айылында Тар дарыясынан аталган кыздын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.