Баткенде 15 жана 12 жаштагы бир туугандар Айназик Кудайбердиева жана Ариет Кудайбердиев изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
13-июль күнү саат 18:30 чамаларында Баткен районунун Бужум айылынын Ынтымак участкасынын тургуну 2006-жылы туулган Айназик Кудайбердиева жана бир тууганы 2009-жылы туулган Ариет Кудайбердиев үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон азыркы күнгө чейин белгисиз болууда.
Учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Кийген кийимдери: Үстүнкү кийимдери белгисиз. Айназик боз түстөгү шым, бутунда ак-кара түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн. Ал эми Ариет бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир-бирөө сүрөттөгү өспүрүмдөрдү таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылууну Баткен ОИИБи өтүнөт.
Байланыш үчүн номерлер: 03622 (5 17 56), 0774 778 688, 0709 736 637.