Эл аралык терррордук уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишине УКМК тарабынан бөгөт коюлду. Ал чет өлкөлүк жаран экенин УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, 9-июлда террорчулукка каршы иш-чаралардын жүрүшүндө диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан М.А. аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
"Аталган жаран "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террордук уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр-чатактар аймагынан Кыргыз өлкөсүнө келип, жарандарды өзүнө тартып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды", - деди маалымат катчы.
Учурда эл аралык террорчулуктун мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.