Дастан Бекешев аэропорттон чет өлкөгө учууда тоскоолдуктар жаралгандыгын айтып чыкты

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аэропорттон чет өлкөгө учуусуна тоскоолдуктар жаралгандыгын айтты. Бул тууралуу депутат өзүнүн Телеграм каналы аркылуу айтып чыкты.

Айтымында, ага кандайдыр бир чектер коюлган.

"Мен иш сапарга учушум керек эле, тилекке каршы, алар чек арага желектерди коюшкан. Бийлик эмне үчүн мындай кылып жатат билбейм. Бул мыйзамсыз. Биздин өлкө кандайдыр бир бандиттик өлкө", - деп нааразычылыгын билдирген Бекешев.

Бирок депутат өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алган, ал эмне себептен мындай болгонун териштирерин айтты.

"Кээ бир түшүнбөстүктөрдөн кийин учуп кетүүгө уруксат беришти. Бирок эмне үчүн мындай болгонун териштирем. Мен эч кандай кылмыш жасаган жокмун, бирок алар мен үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышты", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Noon
2021-07-14 13:46:59
Кылсаң керек да кылмыш. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт
+6
Mashyrbek
2021-07-14 14:08:54
Бекешев ушул созун Атамбевдин вагында чыныгы кылмышкер Батукаев чыгып кеткенде унчукбадын ким кандай экен Кыргыз эли билет
+4
Zumrudianka
2021-07-14 14:28:09
Бекешов сен куйдурдун сенин оюн итти да кызыктырбайт. Ооба бандиттик болчу алкаштын Сокенин доорунда, сага окшоп суйлогонду да чындыкты суйлогондуда эртеси тизэлетип кечирим суратчу доор болчу. Азыр ошолор соолуп бараткан чындык элди ойлогон жерин ойлогон доор келди. Сен эми ойгондунбу алкаштын доорунда тилини оооно жагына тыгып алып уктап калып эми турдунбу
-1
Malik92
2021-07-14 14:43:10
Олумуш болуп алып сага окшогондор кылат бандиттерди жалдап.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан