Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Михаил Дё сейил бакта асынган абалда табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Михаил Дё сейил бакта асынган абалда табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

12-июль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Жаш Гвардия бульварында белгисиз кишинин жансыз денеси табылганы айтылган.

Жерине Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери барганда ал бакка асынган абалда турган.

Ал 1992-жылы туулган Михаил Дё экени белгилүү болгон. Денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Бектурган
2021-07-14 14:29:31
Жашоодон тойгонда...
-1
Dembele84
2021-07-14 22:54:27
Тактар болсо да жок экен деп жыйынтык чвгарып койот да,оздоруно ашыкча иш ашырбаш учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан