"От казанын сатып ал да, газды белекке ал" жайкы акциясы уланууда

2021-жылдын июль айынан баштап «Газпром Кыргызстан» компаниясы салтка айланып калган "От казанын сатып ал да, газды белекке ал" акциясын кайрадан баштады. 100 куб метр газды белекке алуу үчүн 2021-жылдын 31-декабрына чейин "Газпром Кыргызстан" компаниясынын каалаган Калкты тейлөө борборуна газдаштыруу боюнча билдирмени калтырыңыз жана акциянын өнөктөшү болгон "КЕЛЕТ" же Kazeco компанияларынын от казандарын сатып алыңыз.

"КЕЛЕТ" компаниясында 100дөн 500 чарчы метрге чейинки аянттагы үйлөргө ылайыкталган, өздөрү өндүргөн от казандары сатылууда. Компания 1992-жылдан бери жогорку сапаттагы жеткиликтүү баада от казандарын өндүрүп келет.

Ал эми Kazeco компаниясынан жогорку пайдалуу аракеттеги коэффициенттүү япониялык өндүрүштөгү Airfel жана россиялык өндүрүштөгү «Лемакс» от казандарын сатып алса болот.

"КЕЛЕТ" компаниясынын от казандарынын өзгөчөлүктөрү:

  • үйдүн аянтына жараша от казандарын тандоо мүмкүнчүлүктөрү. От казандар 100, 120, 160, 200, 250, 300, 400 жана 500 чарчы метр аянттагы үйлөргө ылайыкташкан;
  • баалары – 22 700 сомдон жогору;
  • колдонууда коопсуз – автоматика жана сактагыч тутумдары газдын сызылып чыгуусуна жол бербейт жана авария боло турган болсо, анда өз убагында от казанды өчүрө алат;
  • үйдүн ичиндеги температураны автоматтык түрдө жөнгө сала алат жана үнсүз иштейт;
  • ысыкка чыдамдуу жана дат басуудан коргоочу темирден жасалган күйгүчү от казандын коопсуз жана көп убакытка чейин иштөөсүн камсыздайт. От казандын иштөө мөөнөтү – 15 жыл.
  • ичинде орнотулган газ фильтри бар жана газ басымынын стабилизатору газдын көп чыгымдалышын жокко чыгарат;
  • кепилдик мөөнөтү – 24 ай;
  • жылуу полдорду кошуу мүмкүнчүлүгү;
  • жогорку пайдалуу аракеттеги коэффициенти – 89%дан 91%га чейин.

Kazeco компаниясынын Airfel жана «Лемакс» от казандарынын өзгөчөлүктөрү:

  • Airfel жана Лемакс от казандары 250 чарчы метрге чейинки аянттагы үйлөргө туура келет;
  • Airfel баасы – 52 миң сомдон жогору, «Лемакс» - 25 миңден 40 миң сомго чейин;
  • колдонууда коопсуз – газ-көзөмөлдөгүч жана сактагыч клапаны бар жана үйдүн ичиндеги температураны автоматтык түрдө жөнгө сала алат;
  • жылуу полдорду кошуу мүмкүнчүлүгү бар жана үнсүз иштейт;
  • комплектте коаксилдуу түтүн чыккыч кирет, ал абанын дайыма келишин жана от казандын стабилдүү иштешин камсыз кылат жана бөлмөдөгү газдуулукту жокко чыгарат;
  • циркуляция насосу, кеңейтүүчү бак, желдеткичи бар жана жез жылуулук алмаштыргычы бар – ал коопсуздукту күчөтөт жана газдын чыгымын азайтат;
  • башкарууга ыңгайлуу;
  • эки контурлуу;
  • өтө жогорку пайдалуу аракеттеги коэффициенти – 93%дан жогору.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы ушундай акцияларды 2019-жылдан бери өткөрүп келет. Акциянын шарттары кардарларга жагып, 2 жыл аралыгында акцияны колдонгон үй ээлеринин саны 3000ден ашкан.

"Газпром Кыргызстан" Калкты тейлөө борборлорунун жана «КЕЛЕТ» жана Kazeco компанияларынын даректери:

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунун актуалдуу иштөө графиги жана даректери, ал жактан газга кошулуу билдирмесин калтырсаңыз болот.

От казандары жана алардын баалары, бөлүп төлөө шарттары боюнча "КЕЛЕТ" компаниясынын байланыш телефондору: 0(222) 001-777; 0(312) 986-591.

"КЕЛЕТ" компаниясынын дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу проспектиси, 26.

Kazeco компаниясынын байланыш телефондору жана дареги: 0(555) 776-688; 0(704) 776-688; 0(501) 777-888. Бишкек шаары, Элебаев көчөсү, 44.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан