Ысык-Көлдө 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 2005-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 13-июль күнү саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылынын пляжында 2005-жылы туулган А.Ч. аттуу өспүрүм чөгүп кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 19:30да караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Бүгүн, 14-июль күнү куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денесин саат 12:03дө суудан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан