Бишкекте эртең, 30-октябрда 50 жуптун баш кошуу тою өтөт

КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги уюштурган массалык үйлөнүү тою эртең, 30-октябрда өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. 50 жуп бир күндө үйлөнүшөт. Бул салтанаттын максаты - жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү. Тойго Президенттик аппараттын, өкмөттүн, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Эске салсак, былтыр, Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылынын 13-ноябрында 35 жуптун баш кошуу аземи өткөн.
Программа:
09:00-09:50 - чогулуу;
10:00-12:00 - Бакыт өргөөсүндө катталуу аземи;
12:30-13:30 - борбордук мечитке баруу;
14:00-14:40 - "Жеңиш" аянтында болуу;
15:00-15:40 - "Ала-Тоо" аянтына баруу;
16:00-17:00 - "Сүйүү" сейил багына баруу;
18:00 - "Соң-Көл" ресторанында той башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyrgyz-uulu
2013-10-30 16:11:45
Жанагы "жаштардын министри" мындан башка дагы не "кызматты" көрсөттү? Кандай иштебатат? Анан да элге, жеп-жутаттарга иштеп аткандай түр көрсөтүү үчүн ноябрдагы, майдагы майрамдарды январдын башында куттукташалы деген "аябай мыкты идея" ойлоп чыгарыптырмыш. Эми аны "жеп-жутрарлар" кандай чечет, көрө жатарбыз....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан