Ошто кош бойлуу аялы менен кайненесин сабап өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош шаарында кош бойлуу аялы менен кайненесин сабап өлтүргөнгө айыпталып жаткан жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарган. Бирок айыпталуучунун жактоочусу чечимге макул болбой, облустук сотко апелляциялык арыз жазган. Облустук сотто бул иш 19-июлда каралат.

Окуянын чоо-жайы:

2020-жылы шектүү окуя болгон күнү үйгө мас абалда келип, ортодо уруш чыккан. Кошуналарынын айтымында, шектүү аялын жана кайненесин сабап, эшикти кулпулап кетип калган. Шектүү маркум аялын муштагылап, уруп сабагандыктан денесинин соо жери калган эмес. Аларды ажыратууга аракет кылган келиндин апасын да катуу сабаган. Кийин кайненеси дагы ооруканада көз жумган. Дарыгерлердин айтымында, маркум келин 2 аптадан кийин көз жармак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
uli1234
2021-07-14 16:16:59
Адвокат неге макул эмес экен жиндиго
+1
KBD1987
2021-07-14 16:28:28
Мамлекеттин эсебинен бакбай сразу атып салыш керек.
+2
Toktobaev-mambetali
2021-07-14 16:37:47
Аттуу керек
+2
Apyn8793
2021-07-14 16:41:10
Оо, шорун каткан шосебай, бир муштумунду экинчи муштум менен бассан болмок, ошондо эркиндикте калмаксын
+2
ErkinOkenovich
2021-07-14 17:03:58
Мындай оор кылмыштарга олум жазасын киргизиш керек сотсуз.
+1
Gulina90
2021-07-14 17:35:02
Жактоочусун кошуп камап койгула нааразы болсо .Эки адамды олтуруп ататко
+2
Mastura90
2021-07-14 21:41:41
Gulina90,3 адам болот келин кош бойлуу экен
+1
nazira...
2021-07-14 19:28:01
Туугандардан окшойт. Ыйман берсин ким болсо да, арактын кесепети, ичпегенде мындай болмок эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан