"Челси" футболдук клубу "Ювентустун" жарым коргоочусу Федерико Кьезага кызыгып жатат. Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин клубу Кьеза үчүн 100 миллион евро сунуштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Туриндик "Ювентус" лондондук клубдун бул сунушунан баш тарткан.
"Евро-2020" турниринде Кьеза Италия курама командасынын катарында чемпион болгон. Ал УЕФАнын версиясы боюнча турнирдин символикалык командасына кирди. Федерико турнирде 2 гол киргизген.
Өткөн сезондо жарым коргоочу "А" сериясында 33 оюн өткөрүп, 9 гол киргизип, 9 жолу голдук пас чыгарып берген.