"Кооздукту түнү да көрүү үчүн". Бишкектеги клумбалардын үстүнө жарык орнотулду

Бишкектеги клумбалардын үстүнө жарык орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жарык" жана "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканалары Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн жээгиндеги гүлзарлардын жарыктандыруусун жакшыртышкан.

"Декоративдик жарыктандыруу үчүн 28 түстүү светодиоддук лампалар орнотулуп, 300 метр электр зымдары тартылып, алар борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн жагымдуу маанайды жаратышты.

Эгерде сиздин көчөңүз караңгы болсо, анда "Бишкек жарык" ишканасынын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp номер: 0777 902-115, 0702 805-756", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meni_kut
2021-07-15 08:12:11
сонун го
0
Almaz-pazilbaiuulu
2021-07-15 09:43:21
Бишкектик дөпөрөздөр буну да талкалап кетишбесе болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан