Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, абакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

"13-июлда Бишкек шаардык соту Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды", - дейт маалымат катчы.

Салиев президенттик аппараттын башчысынын орун басары кызматына 2017-жылдын декабрь айында ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгынын негизинде дайындалган. 2020-жылдын 20-октябрында ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынган. Ал 2-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси.

16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 3-бөлүмү ("мыйзамсыз баюу") фактысы боюнча Алмамбет Салиев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан