"Таблетка ичкенин айткан". Бишкектин так ортосунда жылаңайлак басып, элден милиция чакырууну өтүнүп жүргөн кыздын чоо-жайы белгилүү болду

Бишкектин так ортосунда жылаңайлак басып, элден милиция кызматкерлерин чакырып берүүнү өтүнүп жүргөн кыз спирт ичимдигин ичип алган. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Милиция кызматкерлери анын абалын көрүп "Тез жардам" чакырышып, кыз ооруканага жеткирилген. Ошондой эле кыздын ата-энеси дагы чакыртылган. Иликтөөдө кыздын аты-жөнү такталды. Ал 1994-жылы төрөлгөн Б.Н. аттуу кыз болгон. Ал милиция кызматкерлерине таблетка ичкендигин айткан. Бирок чындыгында тааныштары менен чогуу спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Учурда анын эч кимге дооматы жок", - деп билдиришти Октябрь РИИБинен.

Бүгүн, 14-июлда Бишкектеги Абдырахманов көчөсүндө 20-25 жаштардагы кыздын жылаңайлак ары-бери басып жүргөн видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан