Москвадагы мушташ: Сот мушташка Орто Азиядагы төрт өлкөнүн жарандары катышканын жарыялады

Москванын борбордук бөлүгүндөгү мушташка Кыргыз өлкөсүнүн, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын жарандары катышкан. Бул тууралуу Москва шаарынын Кузьминский соту билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"12-июлда шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Орто Азиянын (Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан) жарандарынын коомдук массалык иш-чарасы митинг түрүндө (улуттук тилдерде ураандарды чакыруу менен) өттү жана ага 200гө жакын адам катышкан. Бул Москванын аткаруу бийлиги менен макулдашылбаган жүрүш болгон", - деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Сот массалык мушташ улут аралык чыр-чатактын айынан келип чыкканын билдирген. Ошондой эле сот чогулгандар жол-кыймылына, социалдык объектилердин иштешине тоскоолдук жаратып, эскертүүлөргө реакция кылбагандыгын билдирген.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.

Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарыларын орусиялык басылмалар жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
orun
2021-07-14 22:37:38
Ошондо Өзбекстан менен Түркмөнстандын жарандары ким тарапта болду экен. Ошол жагы кызыктуу болуп жатат.
+4
Bekturbek
2021-07-14 23:55:37
Мусульман элдери акмак эле болдук!!! Мулусман элдеринде ынтымактын жоктугунан Алла таалам каапырларга бизди дворник рабочий кылып койгон!!!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан