Орусияда COVID-19 илдетинен жабыркагандардын саны сентябрь айында дагы көбөйүшү мүмкүн. Мындай маалыматты инфекционист-дарыгер Евгений Тимаковдун айткандарына таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Адистин айтымында, Орусияда коронавирус илдетинин кийинки көбөйгөн учуру сентябрдын башы менен ортосуна туура келиши мүмкүн.
Ошондой эле ал Орусияга коронавирустун дельта-плюс штаммы келгендигин белгилеген. Дарыгер элдин басымдуу бөлүгү вакцина алууну эртелетпей жаткандыгын айтып, оорунун кооптуулугун эске алууну дагы бир ирет эскертти.
"Жарандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөндүгүнө байланыштуу сентябрь айында башка эмдөө алган өлкөлөрдө оору басаңдап калганда, Орусияда илдеттен жабыркагандардын саны кайра көбөйүшү мүмкүн", - деген ал.
Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда да коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны кескин көбөйүүдө. Акыркы сутка ичинде аталган өлкөдө 23 миң 827 адам ооруну жуктуруп алса, 786 бейтап көз жумган.