Биз социалдык тармакта

Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды


Кыргыз мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды. Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.

"Дарыгерлердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө исламда каршылык жок", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KBD1987
2021-07-15 11:16:10
Вакцина алууга элди чакырып кетсе жакшы болмок.
+1
al-abu-kinesz
2021-07-15 11:50:04
KBD1987, кокус зыян тартып калгандар муфтиятты биринчи очередь сындайт да андай болсо. Ушулар алгыла деген деп..
0
CAPATAH
2021-07-15 22:05:43
Албагыла.
0
tabyshmak
2021-07-16 09:37:54
Мен Муфтиятка калдым. Керек болсо балдарына прививка алдырбай, "арам" дешкенин уккам. Вакцина да прививка сыяктуу го. Медицинанын натыйжасына карап шариятта окум кылынса, анда вакцина алгандарды кутуп, алардын абалына карап, анан окум кылынуусу керек беле? Ошентип шарият медицинага коз каранды болуп калабы? Элдин амандыгы учун кимден чындыкты умут кылууну билбей калдык. Ага таандык, буга таандык деп отуруп жоопкерчиликтен качабыз. Ким болсо да деги Кудайдын бар экенин унутпаса болгону.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан