реклама
super.kg logo

Памирдеги кыргыздардын ханы Алайга барды. "Биз суук жерден келсек, кайра суук жерге жайгаштырып койгону жакшы эмес" дейт ал

 

Бүгүнкү күндө катаал климаттык шартта Ооганстандын Памир жергесинде кыргыз боордоштор күн кечирип келишүүдө. Алар эзелтен келе жаткан көчмөн жашоону улап, мал чарбачылыгы менен алектенип, балдары Кыргыз өлкөсүндө билим алып, кайрадан Памирге барып кызмат кылса деген изги максаттар менен жашап келишет.

SUPER.KG порталы Ооганстандагы Памир кыргыздарынын лидери (ханы) Махмуд ажы Турдуахун уулу менен маек куруп, алыста жашап жаткан боордоштор тууралуу маалымат алды.

- Саламатсызбы. Кыргыз өлкөсүнө кош келипсиз. Алгач эле келген максатыңыз жөнүндө айтсаңыз.

- Кыргыз өлкөсүнө келген жөнүм бул жакка Памирден келген кыргыздарды көрүп, абалынан кабар алыш үчүн келдим. Алардын бул жакка келгенине 4 жылга чукулдап калды. Ошолорду көрүп, турмуш-жайы, үйлөрү, жерлери кандай, кандай күн кечирип жатканын көрөйүн деп келип калдым.

Аларды Алайга барып көрдүм. Жакшы үй салып бериптир. Бир нерсе айта кетейин, биз Памирде суук, бийик жерде жашаганбыз. Азыркы Алайдагы кыргыздардын абалы, жашоосу жакшы, бирок аябай суук жер экен. Мен деле өкмөттүн адамдары менен жолугуша алган жокмун. Анча-мынча көргөн кишилерге бизге жылуу жер бергиле дедим. Биз суук жерден келсек, кайра суук жерге жайгаштырып койгону жакшы эмес. Мындан башка Кичи жана Чоң Памир үчүн мамлекеттен кыргыздардын атынан мектеп, оорукана, мугалим, унаа жолу, телефон байланыш үчүн жардам сурадым. Көмөк көрсөтөбүз дешти.

- Памирден келгениңизге канча убакыт болду?

- Бул жакка келгениме бир ай болду. Ысык-Көл, Ошту кыдырып келдим. Алайдагы туугандарга жолуктум.

- Памирдеги боордоштор кандай күн кечирип жатышат? Эмне менен алек болушууда? Жашоо-турмушу тууралуу кенен айтып өтсөңүз.

- Жашаган жерибизде аба ырайы катаал, суук, мектеп, оорукана жок. Ооганстандын жарандыгын алганбыз. Бизге көңүл бурганга Ооганстан мамлекети деле жетише албай жатат. "Талибан" менен согуш жүрүүдө. Алыс жерде жайгашкандыктан биздин өкмөт дагы жетише албай жатат.

Бизде мал чарбачылык менен алектенишет. Дыйканчылык кыла албайбыз. Бизде кой, топоз, эчки, төө бар. Жылкыны минүү үчүн атайын сатып алабыз. Көпчүлүк боз үйдө жашайт. Бир азыраагы топурактан салынган үйлөрдө күн кечирип келишет.

Ооганстандын базарына 2-3 айда бир ат, төө менен келип керек-жарак нерселерди жана азык-түлүктү алып келип алабыз. Ал эми кээ бирде ал жактан соодагерлер Памирге келип соода кылып кетишет.

Чоң койлорду 14-15 миң сом, ал эми топозду 50-80 миң сомго чейин сатабыз. Малдын баасы ар кандай. Бир калыпта болбойт.

Малдын тоюту арбын жерлерге көчүп турабыз. Кышка чөп чаап, малга тоют даярдайбыз. Жазында түз жерлерге корук деп суу жайып коёбуз. Ал жерлерге чөп чыккан заманда 10-15 күн чаап, кышында жайгаша турган жерибизге алып келип, жыйнап коёбуз. Кар калың жааган жылдары малга чөптү беребиз, кээ бир жылдары берилбей калат.

Бир жылда төрт жолу жер которобуз.

Бизде турмушка чыккан кыз көп эмес. Аялдардын саны аз. Доктурдун жоктугунан көз каранды. Төрөттөн көп каза болуп калышат.

Кээ бир ата-энелер кыздарды 15 жашынан турмушка берсе, кай бирлери 20 жашында турмушка узатат. Бизде кыздар өзү каалап турмушка чыкпайт. Ата-энелери каалап берет.

- Кыргыз бийлиги тарабынан акыркы жолу гуманитардык жардам качан жеткирилди эле?

- Акыркы жолу гуманитардык жардам 2020-жылы барды. Быйыл 2021-жылы жардам барган жок. Буга коронавирус себеп болсо, экинчиден Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чыккан келишпестик себеп болууда. Мен дагы Памирдеги кыргыздарга үзгүлтүксүз жардам кылууну сурандым. Жардам беребиз деп сөз беришти.

- Мүмкүнчүлүк болсо Кыргыз өлкөсүнө келүү максатыңыздар барбы?

- Биздин балдарыбыз бул жакка келип окуса, өзүбүздөн мугалим, доктур чыкса деген ойлорубуз бар. Бизде бир жолу Кыргыз өлкөсүнө көчүп келсекпи деген ойлорубуз бар. Бирок ал жакта жүз жылдан бери ата-бабаларыбыз жашап келген. Ал үчүн биз деле Памирди таштап келе албайбыз. Аздыр-көптүр малыбыз, короо-жайыбыз бар. Атаңдын көрү барбы дегендей атабыздын көрү (мүрзөсү) бар. Балдарды, жаштарды өткөрсөк. Алар билим алып кайрадан Памирге барып кызмат кылса, алардын кызматын көрсөк деген ой-максаттарыбыз бар.

- Памирде жашаган кыргыздардын жалпы саны канча?

- Улуу жана Кичи Памирди кошкондо жалпы 1580 киши, 401 үй-бүлө күн кечирип келүүдө.

- Балдар мектепке барышабы? Кантип билим алышууда?

- Ал жакта эми Кичи Памирде эки, Улуу Памирде бир мектеп бар. Ал жакка Ооганстан мамлекетинен мугалимдер барат. Анда 3 ай, кээ бирде 2 ай балдар фарсы тилинде окуйт. Жердин алыстыгынан кээ бирде мугалимдер бара албай калат. Акыркы 2 жылдан бери пандемияга байланыштуу мугалимдер бара албай жатат. Балдар жакшы окуй албай калууда.

- Памирде телефон байланышы тартабы?

- Интернет, телефон байланышы тартпайт. Кичи Памирде Тажикстанга жакын жайгашкан 2 айылда бир аз байланыш бар. Калган аймактарда байланыш жок.

- Дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардан кандай жолдор менен кабардар болуп турасыздар?

- Телефон тартпайт, бирок телевизор (спутник антенасы менен) бар. Ошондон ЭЛТР каналы тартат. Ошондон көрүп турабыз.

- Памирде жашаган кыргыздар Тажикстандын чек арасына кирип кетти деген маалыматтар чыгып жатат. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Бул боюнча бизде азырынча так маалымат жок.

- Ооганстанда "Талибан" кыймылы тынчын алууда. Мындай жагдайда кыргыздарга кыйыр таасирлери тийбей элеби?

- Жок, бизге алардын эч кандай таасирлери тийбей эле. Биз кыргыз жөн жүргөн элбиз. Ооганстанга пайдабыз тийсе дагы, зыяныбыз тийбейт. "Талибан" кыймылына пайдабыз дагы, зыяныбыз дагы жок.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ак жол каалайбыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(23)
15.07.2021. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
24-07-2021 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр бейиштей жерде жашайбыз баардыгы бар кудайга шугур.мына памирди да мекен деп кете албай жатышат биздечи суу десе суу бар.жылдын 4 мезгили бар
15.07.2021. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
17-05-2009
Соӊку аракети:
24-07-2021 20:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan...
0
Буларды убагында Кыргызстанга көчүп келгиле десе, "Ата бабабыз байырлаган, же жашаган жерди таштап кетпейбиз" дешип, кайдагы какыраган, кургак жерлерин кызганып келбей койушкан экен. Эми жашай беришсин ата-бабасынан калган жерлеринде. Жашоого бир келебиз, ошондо да норма жашап өтө албасак...
17.07.2021. 03:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
22-07-2021 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бектурган,Ошол какыраган жер алар үчүн киндик кан тамган жери да... Мекенин эч ким таштагысы келбейт, кыйынчылык болгону үчүн гана башка өлкөгө чыкканга мажбур болуп жатышат.Крда до еле кыйынчылык болуп көбү Россия,Турция паспортун алып көчүп кетип жатышпайбы,бирок Мекеним деп кайра эле ушул жакка келип турушат. Ошого эле окшош маселе да
17.07.2021. 08:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
19-07-2021 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer, ал Бектурган деген немеге жооп бербей эле кой, оорукчан ал
15.07.2021. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
627
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
23-07-2021 17:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дааа... Туулган жердин топурагы алтын. Катаал шарты болсо да жашап көнгөн да.
16.07.2021. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-05-2020
Соӊку аракети:
24-07-2021 20:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул хан экенда памирде ошон үчүн кетпейбиз деп жатат элге койсоң алып келебиз Кыргызстанга десең келишет өтө оор экен ал жакта жашоо
16.07.2021. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2482
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-07-2021 20:17
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алайга келсе хандыгы бутуп,Жапаровдун ханституцисы менен жашагандан коркуп жатса керек да.
16.07.2021. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
615
Катталган:
04-01-2015
Соӊку аракети:
24-07-2021 19:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ортосунда ыйык тоосу бар калаа.
-1
Зам Хан болуп ошол жакка барсам ишке алышат бекен ::))
16.07.2021. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
24-07-2021 21:11
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда торолуп осконумо Аллахыма шугур.
16.07.2021. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
711
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
24-07-2021 20:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылуү жер кыргызстандык кыргызга деле жетпей атса керек да, Тоонун шартына көнгөн деп Алайга алып келди да, ыссык жерге ден-соолук дагы чыдай бербейт го.
16.07.2021. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
01-07-2013
Соӊку аракети:
24-07-2021 16:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
-3
Бул жакка келишсе төрт бештен аял ала албай калышат.
16.07.2021. 17:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
14-09-2020
Соӊку аракети:
24-07-2021 00:06
Жынысы:
Белгисиз
+6
Altyn10076,наоборот Памирде аялзаты жетишсиз, айрымдары 40 жашка барып аран уйлонушот экен го
17.07.2021. 12:09 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
19-07-2021 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда торолгонуно ыраазы болгон манкурт чалыштар. Памир да керемет кооз жер, жайлоо. Болгону тоодо, суук. Жайлоонун кереметин корбогон тушунугу тарлар оозун толтуруп суйлой бересинер.


Aika-mer деген неме ар дайым жарым жыналач журот окшойт, кыргыздын улуттук кийимдерин тенсинбей мурдун чуйруйт арам....

Памирликтерди Оштун ысык ороонуно жайгаштыргыла деп эч ким айтпады. Болгону аларды суук Чон-Алайга эмес, жон эле Алайга, Гулчо тарапка кочурушсо болмок.
Antiradikal5 түзөттү 2021-07-17 12:15:09
17.07.2021. 12:14 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
19-07-2021 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде жердин шартын билбегендерге айтаарым бираз саякаттап келгилечи. Мына ащыр жайдын саратанында Ош шаарында +38 градус ысык болсо, Алайдын Гулчо жана андан аркы айылдарында +28+33, ал эми Чон Алайда +15+20 градус. Памирликтердин суранганы ото ысык же ото суук эмес, мелуун жерге жайгаштырса мал жаюга ынгайлуу дейт. Мындай аймактар олкодо коп, мисалы Алай, Чаткал, Тогуз-Тороо, Токтогул, Жети-Огуз ж.б.райондор бар, жайкысын ото ысык эмес, кышкысы ото эле суук эмес.
17.07.2021. 12:21 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
19-07-2021 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Баса, Кыргызстан тууралуу уламыш бар. Уйкучу Кыргызга Кудай жер таппай калып бейиштен жер болуп берген деп айтылса керек эле. Алтайда да ушул сыяктуу уламыш бар экен. Кудай жер бетинде бейишке тен алтын аймак издеп аны табууну бугу, шумкар жана кедр дарагына тапшырат экен. Бул учоо издеп издеп Алтайда жолугушат экен. Мен Алтайда болгон эмесмин. Бирок Алтай кыргыздардын тупкулуктуу Мекени, бугунку Кыргызстандан жаратылышы кем болбосо керек деп ойлойм.
16.07.2021. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
921
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
24-07-2021 11:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+5
Сууктан ысыкка келгенде адамдын организмине кыйын болот урматтуу хан, ысык жерлер толтура ошол жерлерге жайгаштырып койгондо озунуздун букараларынызга кыйын болмок. Конгончо суук жерлерде жашап, анан акырындык менен ылдыйлашат да. Рахмат а так сынынызга.
16.07.2021. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
24-07-2021 18:05
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнеге ысыкка конбойт?Кыргыздар Сибирдин суугуна барып иштеп атат,Арабия,Африкага көнүп жатат.Булар деле ысыкка көнүп кетет.Ысык,жер-жемиш өскөн жерге көчүрүү керек.
16.07.2021. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
20-08-2016
Соӊку аракети:
22-07-2021 17:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-3
Кууп чыккылачы ыраазы болбой жатса.
16.07.2021. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
20-08-2016
Соӊку аракети:
22-07-2021 17:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Бөтөн жерде хан болгончо өз элинде кул болуп жашаган артык
16.07.2021. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
486
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
24-07-2021 21:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахыма миң шүгүр кылам Кыргызстанда төрөлүп калганыма.
16.07.2021. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
19-11-2014
Соӊку аракети:
24-07-2021 14:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Тоо
-1
мышык майга жетпей сасык дейт
16.07.2021. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
975
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
24-07-2021 17:09
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хан болбой эле бекерчи болсомда Кыргызстанда жашаганыма шугур))
17.07.2021. 03:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
28-12-2013
Соӊку аракети:
22-07-2021 13:36
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми үйрөнгөн жерине окшош жерде жашаган жакшы деген деген ойдо эле Алайга алып келишти да. Андан башка жерге чыдабайсыңар... Элечеке окшогон нерсе кийет экенсиңер,башка шаарда мисалы:( Ош,Өзгөн,Ноокат, Кызыл кия) мындай ысык жерге парыңар чыгып анда да нараазы болмоксуңар.
AykaMer түзөттү 2021-07-17 03:40:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 3 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 3) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
172710;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: