Жалал-Абад шаарында тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаздык тигүүчү цехтин ичинде материалдар, 1 даана тигүүчү жана 1 даана станок күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 19:53дө чектөөгө алынып, саат 20:55де толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.