Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда мас абалдагы айдоочу рулга ээ боло албай калып унаасы оодарылып кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 15-июлда эртең менен болгон.
"Мазда-626 унаасын 28 жаштагы айдоочу башкарып келе жатып, рулга ээ боло албай унаа оодарылып калган. Унаада өзү жалгыз болгон. Кырсык болгон жерде кызматкерлер иштеп жатат. Ал эми айдоочу өтө оор жаракаттарды алган эмес. Ооруканага алып барышкан, бирок жатпайм деп ызы-чуу салып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.