1. Максаты. Сүрөт эмнеге жана кандай максаттарда колдонуларын түшүнүү керек. Мисалы, жакында менин"“Ысык-Көлдүн жээгинде. Атам менен маек" аттуу автордук китебимдин мукабасына фотосессия өткөрдүк. Тандалган жер - бул Ысык-Көлдүн түштүк жээги, ал жерде табияттын кол тийбеген кооздугу сакталып калган.
2. Команда. Ар бир чыгармачыл долбоордо профессионалдар иштеши керек фотографтан баштап, визажисттер, чач-тарачтар, костюмерлер.
3. Туура убакыт. Алтын саат эрежесине карманыңыз: мыкты кадрлар күн чыккандан кийинки биринчи саатта жана күн батканга чейинки акыркы саатта тартылат. Бул учурда күн горизонтко жакын болуп, сүрөттөрдөгү жарыкты жумшак жана чачыранды кылат. Түш чендеги жарык сүрөттүн айрым жерлерине "кесек" болуп түшүп, сүрөттүн жалпы элесин бузат.
4. Локациялар. Студияны, пейзажды тандоо сүрөтчү жана чыгармачыл топ менен алдын ала талкууланышы керек. Арткы фондо агрессивдүү түстөр, оймо-чиймелер же сызыктар болбошу зарыл. Канчалык бир тектүү жер болсо, ошончолук жакшы болот.
5. Фон. Ал сүрөт менен дал келиши керек. Эгер сиз Викторияндык доордогу көйнөк кийип, тартуу жериңиз хай-тек стилинде болсо, же буудай талаасында той көйнөгүндө сүрөткө түшүүгө барсаңыз, анда ал таң калычтуу көрүнөт. Адатта, шаардын четиндеги чаң жана баткактуу талаага ак көйнөкчөн кандай колукту келмек эле, ошондуктан сүрөт аркылуу эмнени билдиргиңиз келип жатса, ошого ылайык жерди тандаңыз. Техника ылайыктуу болушу керек.
6. Симметрия. Визуалдык элементти көз автоматтык түрдө кармайт. Эгер сизде күтүлбөгөн жерден симметриялуу нерсе тартуу мүмкүнчүлүгү болсо, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, өзүңүз симметрия түзүп көрүңүз. Бул көбүнчө оңой: жөн гана туура ракурсту табуу керек.
7. Адаттан тыш ракурс. Сүрөттөрүңүз миңдеген башка сүрөттөргө окшош болуусун каалабасаңыз керек. Андыктан адаттан тыш ракурсту табууга аракет кылыңыз.
8. Дененин турушу (поза). Табигый "позаны" тандаңыз, антпесе ыңгайсыз көрүнүп каласыз. Бетме-бет эмес, жарым бурулуп сүрөткө түшкөнгө аракет кылыңыз. Биз туура тамактанууну, вилка менен кашыкты кармоону, унаа айдоону жана жашыл жарыкка жолду кесип өтүүнү билебиз. Биз бул көндүмдөрдү төрөлгөндөн баштап эле алдык. Бирок эч ким бизге туура сүрөткө түшүүнү үйрөткөн жок, бул дагы чеберчилик. Ар түрдүү позаларды күзгүнүн алдында көп жолу иштеп көрүңүз, ошондо сүрөткө түшүүдөгү чеберчилик акырындык менен пайда болот.
9. Гардероб. Сүрөттү түзгөн үч түркүк бар жана ушул үч нерсени ээрчүү сүрөттү ийгиликтүү кылат. Ошол нерселердин бири - фотосессия үчүн керектүү кийимдерди даярдоо. Бул локацияны, теманы, максатты тандап, кылдаттык менен даярданууну, эң жогорку сапаттагы жана ар түрдүү кийимдерди тандоону талап кылат. Бардыгын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп көрүү керек.
Фотосессиялар үчүн кийим бирдей болушу керек, жакшысы, сызык, оймо-чиймеси жок. Илбирстин принттери бар көйнөктөр менен чоң гүлдөрү бар блузкаларды үйдө эле калтырыңыз. Биринчиден, алардын фонунда жакшы байкалбай каласыз, экинчиден, бардык эле камералар кийимдеги татаал сызык, оймо-чиймелерди көтөрө алышпайт.
10. Визажист. Ысык-Көлдөгү фотосессияга орусиялык визажист Бурулкан Байкишиеваны чакырдым, анын макияжы ар кандай чечмеленип иштелип чыккан. Жаңы кол жазма маанилүү. Бурулкан мени Орусиядагы салтанаттарга даярдап келген, жыйынтыгы жакшы болоруна көзүм жеткен.
11. Сүрөткө жакшы түшө алган же такыр түшө албаган адам жок. Өзүн сүйүп, сыйлаган жана камеранын алдында ишенимдүү түрдө, өздөрү кандай болсо, ошондой тура алган адамдар бар. Өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз. Аны биринчи мүнөттөрдөн эле билип койсо болот.
12. Сапаты. Эгер сиз ийгиликтүү өнөктүктү баштоону кааласаңыз, анда сүрөттөрүңүздүн сапатына көңүл буруңуз. Сизге сапаттуу жабдуулар керек, муну алдын ала фотограф менен талкуулаңыз.
13. Дайыма позитивде болуңуз, бардыгын жеңил жана кубаныч менен жасаңыз.