Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter оодарылып кетти. Жол кырсыгы бүгүн, 15-июль күнү саат 08:43тө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган жаран жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда абалы жакшы. Жерине Токтогул райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.