"Көрүстөндүн үстүнөн адамдын жансыз денеси табылган". Кылмышка шектүүгө издөө жарыяланды

Чүйдүн милициясы адам өлтүрүүгө шектүү адамга издөө жарыялайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү Ак-Суу көрүстөнүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жашы болжол менен 55-60тарда. Денесинде күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилер бар.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө бул ишке тийиштиги бар деп шектелип Насиров Абдыкадыр Токурович изделүүдө. Ал 1967-жылы Ош облусунда туулган.

"Бул шектүүнүн туруктуу жашаган жери жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, милиция кызматкерлеринен жашынып жүрөт. Андыктан табуу кыйынчылык туудуруп жатат. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.

Байланыш телефону: 0312 60 77 27, 03131 5 21 31, 0707 54 21 71, 0550 22 17 17, 0551 35 53 17, 0702 00 78 79.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-07-15 13:41:29
Кыныр иш кырк жылда эмес кырк кунго жетпейт,кан уктатпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан