Бишкекте кичи автобустун айдоочусу жөө жүрүүчүнү коюп кеткен. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, кырсык 28-октябрда болжол менен саат 19:40та болгон. Mercedes Benz-313 кичи автобусунун айдоочусу 24 жаштагы М.Б. Дэн Сяопин проспектиси менен баратып, №87-үйдүн тушуна жеткенде жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктан улам Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 45 жаштагы тургуну Б.Л. 7 кабыргасы сынып, бети тытылып, баш мээси чайкалып, шаардагы №4-ооруканага түшкөн.
Микроавтобус атайын токтотулуучу жайга коюлуп, чогултулган материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол кырсыгы боюнча тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.