Биз социалдык тармакта

Министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов: "Жумушта иштеп эле жатам, агам менен байланыша элекмин"

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Каныбек Осмоналиевдин айткан пикири боюнча комментарий берди.

"Жумушта иштеп эле жатам. Өзү менен байланыша элекмин, телефону өчүк. Азыр анын уулу дагы, жубайы дагы иштеп жатат. Ал эмнеге мындай деп айтканын билбейм. Аты аталган адамдар жөнүндө дагы таң калуудамын. Менин Сүйүн Касмамбетовго жана башка адамдарга дооматым жок. Себебин өзү менен сүйлөшүп гана билбесем башка эч нерсе айта албайм. Ал адамга психикалык сокку болгонбу деп ойлоп жатам", - деди Абдураимов.

Каныбек Осмоналиев министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси кызматынан кетүү арызын жазганын билдирген. Анда ал Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. Кайрылуусунда иниси Жарасул Абдураимов кызматынан алынганын, мындан тышкары уулун, аялын дагы кызматтан кетирип жатышат деп билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-XXX
2021-07-15 14:09:53
Өзү карыгандан кийин саясаттан кетишсе...
Пенсияны жеп,бактылуу карылыкты өткөзбөйбү ээ...
+4
Asmat84
2021-07-15 14:23:26
Бул Каныбек бутактан шак чыгарбай кысып эле отурбайсыңбы
+1
Mirnar
2021-07-16 14:19:50
Иштеп журо бербей жаш кадрларга местаны бошотуп коюнуз! Конституцияга жаны закон жазыш керек пенсияга чыккандын эртеси иштен кетсин деген!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан