Бразилиянын президенти Жаир Болсонару эки аптага созулган ыктытууга байланыштуу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар мамлекет башчынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазышты.
"Ал өзүн жакшы сезип жаткандыгы айтылды. Ошого карабастан Болсонару 24 сааттан 48 саатка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу шарт.
66 жаштагы Болсонару июль айында дээрлик он күндөн бери токтобой жаткан ыктытууга нааразы экендигин кабарлаган. Тынымсыз ыктытуудан улам президент бир нече күн мурда эл алдында сүйлөөсүн токтотууга мажбур болгон", - деп айтылат маалыматта.