Кечээ, 28-октябрда саат 16:00 чамасында Бишкек шаарында дагы бир жол кырсыгы катталды. Мицубиси Каризма үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы Т.Гүлкайыр аттуу айдоочусу М.Горький көчөсү менен кетип баратып, Рухий Ордо конушунун бешинчи көчөсүнүн кесилишинен 7 жаштагы Т.Бекжанды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Баланын сол колу сынып жана баш мээси чайкалып, №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаа атайын токтотулуучу жайга токтотулуп, учурда материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кырсыгы боюнча тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.