Англия курама командасынын футболчуларына "Евро-2020" турнири учурунда социалдык тармактардан 12 миң 500 адепсиз билдирүүлөр келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Твиттерде жана Инстаграмда жарыяланган билдирүүлөрдө футболчулардын расасына, улутуна, динине асылып, ошондой эле футболчуларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата коркутуу-үркүтүү маанисиндеги комментарийлер камтылган.
Чет өлкөлүк аналитикалык компаниялардын маалыматы боюнча, билдирүүлөр 10 миң аккаунттан жазылган.
12-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда болуп өткөн. Анда Англия курамасы менен Италия кез келип, Италия пенальтилер сериясында Англияны жеңип, Европа чемпиону аталган.