"Керемет Банк": 1 жарым жылдык үчүн финансылык көрсөткүчтөр туруктуу өсүүнү көрсөтүшүүдө

"Керемет Банктын" соӊку отчёттук күнгө – 2021-жылдын 31-июнуна карата финансылык көрсөткүчтөрү бир нече ай мурда салынган оӊ динамиканы көрсөтүшүүдө.


Биринчи жарым жылдык үчүн банктын таза кирешеси ФОЭСна (финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттарына) ылайык, бир жыл мурун байкалган 173 миллион сом чыгашанын фонунда 35,6 миллион сомду түздү. Кыргызстандын 550дөн ашуун жаранын жумуш орундары менен камсыздап, «Керемет Банк» 2021-жылы көрсөтүлгөн мезгил ичинде өлкөнүн бюджетине 58 миллион 506 миӊ сом которгон ири салык төлөөчү болуп саналат
.

"2021-жылдын отчёттук биринчи жарым жылдыгы ичинде таза кирешенин жана активдердин туруктуу өсүүсүнө чыгып, мурда айтылган ар кыл пессимисттик сценарийлерге карабай, банк өзүн-өзү камсыздаарын жана өзүн-өзү актаарын көрсөтүп жатат, бул банктын бүткүл командасынын 2021-жылга коюлган максаттар менен милдеттерге жетишүү боюнча ишинин жогору кесипкөйлүгүн тастыктайт, - деп эсептейт "Керемет Банк" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Токтогул Рысбек.

Биздин таза кирешебиз COVID-19 пандемиясы менен байланышкан өлкөдөгү экономикалык оорчулуктарга карабай, иш жүзүндө ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча, кредиттөөдө, операциялык тейлөөдө, карталык, валюталык жана башка операцияларда тырыша иштөөнүн жана көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун натыйжасында түзүлгөн. Бул биздин ийгиликтүү жолубуздун башталышы гана экенине ишенем".

Банк туруктуу сапаттагы кредиттик портфелди өстүрүүнү улантып жатат – жыл башынан бери анын көлөмү 500,2 миллион сомго көбөйүп, 7,2 миллиард сомду түздү.

Негизги акционер (КРУБ) тарабынан кошумча капиталдаштыруудан кийин "Керемет Банкта" "Социалдык ипотеканы" - бюджеттик уюмдардын кызматчыларын жеӊилдиктүү турак жайлык кредиттөө боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу улантылууда. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү турак жайды 218 үй-бүлө 327 миллион сом суммасына, ал эми программа иштеген эки жыл ичинде - 1 480 үй-бүлө 2,2 миллиард сом жалпы суммасына сатып алышты. Таза кирешени өстүрүүгө башка мүлктөрдү сатуу менен маселелерди мерчемдүү жана этаптуу чечүү да түрткү болот. Кеӊири аймактык катышуунун, колдонулуучу санариптик технологиялардын жана өлкөнүн жетүү эӊ кыйын райондоруна да коюлган 600 заманбап банктык түзүлүштөрдөн турган өнүккөн инфратүзүмдүн аркасында, "Керемет Банк" бүгүн – бул 155 миӊден ашуун берилген кардарлар! Анан да банк эӊ заманбап банктык чечимдерди колдонууга киргизип жана Кыргызстандын базарында стратегиялык жактан маанилүү бойдон кала берип, өзүнүн динамикалуу өнүгүүсүн улантууда. Бүгүнкү күндө, Кыргызстандын комбанктарынын ичинде эӊ ири акционердик капиталга – 8,6 миллиард сомго ээ болуп, "Керемет Банк" өлкөнүн базарындагы эӊ туруктуу финансылык уюмдардын бири болуп эсептелерин белгилөө маанилүү.

"Керемет Банкта" тейлөөнүн бардык маселелери боюнча банктын тейлөө чекиттерине, күнү-түнү иштөөчү байланыш борборуна 0(312) 55 44 44 же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp телефондору боюнча, ошондой эле банктын социалдык тармактары жана корпорациялык сайты аркылуу кайрылууга болот.

"Керемет Банк" – ИЙГИЛИККЕ САПАРЛАШ!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан