Германиядагы суу ташкынынан 6 адам каза болуп, 60ка чукулу дайынсыз болууда

Германиянын батышындагы суу ташкынынан алты адам каза болуп, 60ка жакын адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн бийлиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.

"Бороон биздин өлкөгө катуу залалын тийгизди. Мен азыр коркунучта тургандардын бардыгы менен чогуу тынчсызданып турам", - деген Рейнланд-Пфальц штатынын министри Малу Драйер.

Каза болгон төрт адам Рейнланд-Пфальцтагы Ахрвейлер районунда табылганын куткаруу кызматкерлери билдирди. Каза болгондордун сөөктөрү ар кайсы жерде ар кандай шартта табылган. Каза болгондордун бири түндүк Рейн-Вестфалия федералдык штатындагы Уна аймагындагы өз үйүнүн суу каптаган жер төлөсүнөн табылган.

Түн ичиндеги катуу жана узакка созулган жамгырдын натыйжасында алты үй кулап, дагы бир нече имараттар урап калуу коркунучунда турат. Алардын айрымдарында адамдар дагы деле жардам күтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан