УКМК тарабынан Жалал-Абад облусундагы мыйзамсыз көмүскө кумар оюндары аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Атайын адамдардын тобу компьютердик оюн клубдарынын атын жамынып, мыйзамсыз көмүскө кумар оюн жайларды уюштуруп, кумар оюндарын өткөрүп жаткандыгы аныкталган. Аталган мекемеге күн сайын 50гө жакын адам барып турган.
15-июль күнү ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери К.Т. аттуу жаранды, мекемесинин администраторун, ошондой эле көрсөтүлгөн мекемеде жүрүү шарттарын билүү үчүн 5 адамдан турган кардарларды жеринен кармашкан. Ошондой эле аталган мекеменин уюштуруучулары Кыргыз өлкөсүнүн жарандары К.Ж. жана О.Н. экендиги аныкталган. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар улантылууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.