Бишкектеги ачык жана жабык коллектордук-дренаж арыктарын тазалоо иштери улантылууда

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы ачык жана жабык коллектордук-дренаж арыктарын кол менен жана атайын техниканын жардамы аркылуу тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6 ай ичинде райондун аймагында 24.3 чакырым ачык коллектордук дренаж арыгы тазаланган. Андан тышкары 34.6 чакырым сугат суу арыктарында тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
"Бүгүнкү күндө Батыш Чоң Чүй Каналынын (БЧЧК) жээгиндеги Осмонкул көчөсүнөн Курск тар көчөсүнө чейинки 500 метр ачык коллектордук дренаж арыгын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу шаар тургундары, ирригациялык системаны таза кармоону, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну жана шаардык тейлөө кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан