Кечээ, 14-июлдан тарта өлкөдө көк бөрү боюнча даректүү тасманы тартуу иштери башталды. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы кабарлады.
Бул тасманын негизги максаты көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салттарын жайылтуу жана жандандыруу, жаштардын мекенчилдик сезимин, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо сезимин тарбиялоо, ошондой эле көк бөрү оюнун дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп эсептелет.
"Тай казан менен спорттук мелдештер үчүн көк бөрү оюнунун заманбап эрежелери 1996-жылы иштелип чыккан жана быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу көк бөрү федерациясы тарабынан даректүү тасма тартуу башталды. Тасманы көк бөрү оюнунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана федерациянын ардактуу президенти Аскар Салымбеков каржылап жатат", - деген көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков.
Жакынкы аралыкта федерация республикалык телеканалдар аркылуу тасманы кеңири жайылтууну пландаштырууда.