Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кудуктан 2 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Базар-Коргон районунун Чарбак айылында таза суунун кудугунда 2 адамдын жансыз денеси жатат деген кабар "112" кызматынан маалымат түшкөн. Жерине Базар-Коргон райондук №78 ӨКБнөн 3 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулар кудуктан 45 жаштагы К.Т. аттуу эркек киши жана 18 жаштагы А.К. аттуу өспүрүм баланын жансыз денелерин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда окуянын себептерин тактоо иштери жүрүп жатат.